ык1

китептерде 67 жолу, 10 китепте ык 2 →
  1. Ыңгайлуу, оңтойлуу, учур, жагдай.
  2. Ыкма, бир нерсенин жөнү, ыктуу шарты, жагдайы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт тарабын тең карап, / Ойуна мындай ой алат: / “Аралап көрдүм көп жерди, / Көзүм көрдү көп элди, / Аш беришке ыгы бар, / Ылайык көрдүм бул жерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Беш-алты жерден тосолу, / Бел ашырбай туралы, / Ыгы келе калганда, / Кылычты канга жубалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өтпөйт эле Буурул ат, / Ыктайт эле буга — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →