ык2
- Корголоп, бири-бирине жанаша туруп калуу, шамалдан, жаандан далдаланып ыктоо.
- Бир жагына жапырылуу, жапырылып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төрт тарабын тең карап, / Ойуна мындай ой алат: / “Аралап көрдүм көп жерди, / Көзүм көрдү көп элди, / Аш беришке ыгы бар, / Ылайык көрдүм бул жерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Беш-алты жерден тосолу, / Бел ашырбай туралы, / Ыгы келе калганда, / Кылычты канга жубалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өтпөйт эле Буурул ат, / Ыктайт эле буга — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →