шар1
- Тегеректин өз диаметринин айланасында айланышынан пайда болгон геометриялык тело.
- Ошондой формадагы нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →