шар2

китептерде 113 жолу, 9 китепте шар 1 →
  1. Чоң жана тез аккан суунун же толкундун дабышы.
  2. Бир нерсенин (мис., көпчүлүктүн) агымы, күүсү.
  3. Токтоосуз, тез, ылдам.
  4. Ачык, маалкатпаган, болгонун түз айтып, ачык жооп берген, мылжыңдап көпкө созуп отурбаган мүнөз.
  5. диал. Топ таш оюнунда сөөмөйдү ортонго отургузуп, анан ортон менен бармакты жаа түрүндө керип жерге тийгизип, андан таштарды айдап өткөрүү учуру.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки сандан кан агып, / Ачуусу келди Сазандын, / Сайдырганга арданып, / Колун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ы Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →