шарк2

китептерде 14 жолу, 6 китепте шарк 1 →
  1. Ыр, ырдоо, чыгып эл алдында ырдоо.
  2. Күн чыгыш. 1920-жылдары колдонулган термин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрөй элек жаш келин, / Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөнгө найза тийерде, / Ат капталга шарк этип, / Калыбектин найзасы, / Алыс кетти жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күчтүү жел чыгып шарк этип, / Күн көрүндү жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байлар келди чалкайган, / Жубандар келди залкайган, / Жигиттер келди буралган, / Кыздар келди суналган; / Мырзалар келди шалкылдап, / Келинден келди нечени, / Алтындан сөйкө шаркылдап, / Көз уйалып жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →