шарк1
- Сүрүлүүдөн, урунуудан, катуу нерселердин кагылышуусунан келип чыккан добуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төрөй элек жаш келин, / Алтындан кылган чоң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө найза тийерде, / Ат капталга шарк этип, / Калыбектин найзасы, / Алыс кетти жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күчтүү жел чыгып шарк этип, / Күн көрүндү жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байлар келди чалкайган, / Жубандар келди залкайган, / Жигиттер келди буралган, / Кыздар келди суналган; / Мырзалар келди шалкылдап, / Келинден келди нечени, / Алтындан сөйкө шаркылдап, / Көз уйалып жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Салмагым көөхар экен де, / Саадагым кырк кез экен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →