чур2
- диал. Топ же кыска жыгач тээп ойной турган оюн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атыңды минип камдангын, / Жоо жарагың бүт алгын, / Чуркан салып бул шаарга, / Сатайдан хандык колго алгын, / Келбегенин көрөлүк, / Келберсиген экөөнүн- / Каратил менен балдардын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күн батышка аз калды, / Испандын эли чуру-чуу, / Барабанды какканы, / Бактыбай чыкты бөлүнүп, / Испандыктын көзүнө, / Ач жолборстой көрүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н, / Өңү кара, тиши ак, / Башкача көрдү баранын, / Сейит тура калганда, / Тарткан жебе зыр деди, / Жебенин арка жагына, / Кош коңгуроо тактырган, / Жер жарылып чур деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жамгырчы, Бакай баш болуп, / “Тура турчу, баатыр”, — деп, / Бүтүн кыргыз чур этип, / Курун салып мойнуна, / Манасты алып оозуна, / Бата берип калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Алтынчы күнү кечке жуук, / Жарык дүйнө жалганда, / Турар шайы калбады, / Оозунан түтүн бур этип, / Көкүрөгү кыр этип, / Катын-бала, эл-журту, / Баарысы калды чур этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →