чур1

китептерде 24 жолу, 8 китепте чур 2 →
  1. Кандайдыр бир чогуу, көп болуп жапырт чыккан добушту, көбүнчө кыйкырыкты билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атыңды минип камдангын, / Жоо жарагың бүт алгын, / Чуркан салып бул шаарга, / Сатайдан хандык колго алгын, / Келбегенин көрөлүк, / Келберсиген экөөнүн- / Каратил менен балдардын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күн батышка аз калды, / Испандын эли чуру-чуу, / Барабанды какканы, / Бактыбай чыкты бөлүнүп, / Испандыктын көзүнө, / Ач жолборстой көрүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н, / Өңү кара, тиши ак, / Башкача көрдү баранын, / Сейит тура калганда, / Тарткан жебе зыр деди, / Жебенин арка жагына, / Кош коңгуроо тактырган, / Жер жарылып чур деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жамгырчы, Бакай баш болуп, / “Тура турчу, баатыр”, — деп, / Бүтүн кыргыз чур этип, / Курун салып мойнуна, / Манасты алып оозуна, / Бата берип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…/ Алтынчы күнү кечке жуук, / Жарык дүйнө жалганда, / Турар шайы калбады, / Оозунан түтүн бур этип, / Көкүрөгү кыр этип, / Катын-бала, эл-журту, / Баарысы калды чур этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →