чек3

китептерде 45 жолу, 10 китепте чек 1 →чек 2 →чек 4 →чек 5 →
  1. Унааны арабага, чанага ж.б. кошуу.
  2. Кандайдыр бир жумуш иштөөгө кошуу, дайындоо, белгилөө, жиберүү.
  3. Тамеки тартуу, чылым тартуу, насыбай атуу.
  4. Азапка, жапага ж.б. туш келүү, кабылуу, дуушар болуу, сапар, жол ж.б. тартуу, баштан өткөрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортосунда чек болду, / Туруп бериш чыдашып, / Найза менен сайышыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки көзүн чекпесем, / Суу ордуна ичпесем, / Сакта болбой өлөйүн, / Сабыңды бузбай жөнөгүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчал деми сууду эле, / Кайыпчалдын катыны, / Төрөбөй жүрүп нечен жыл, / Жана бирди тууду эле, / Атын койгон Көкмончок, / Чектен ашкан сулуу эле, / Баштагы болгон иштерди, / Кайып жандан укту эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буркуратып олтуруп, / Ташкендин үстү улуу тоо, / Самаркандын чеги ошо, / Салган бойдон барайын, / Дүрбү салып карайын, / Айактан кабар алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →