чек4

китептерде 45 жолу, 10 китепте чек 1 →чек 2 →чек 3 →чек 5 →
  1. Кандайдыр катуу нерсени ургулап оюу, из түшүрүү, кандайдыр бир жерин кетип оюу.
  2. өт. Астыртан сыр билгизбей сурап көрүү, билмексен болуп билип алууга аракет кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортосунда чек болду, / Туруп бериш чыдашып, / Найза менен сайышыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эки көзүн чекпесем, / Суу ордуна ичпесем, / Сакта болбой өлөйүн, / Сабыңды бузбай жөнөгүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчал деми сууду эле, / Кайыпчалдын катыны, / Төрөбөй жүрүп нечен жыл, / Жана бирди тууду эле, / Атын койгон Көкмончок, / Чектен ашкан сулуу эле, / Баштагы болгон иштерди, / Кайып жандан укту эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буркуратып олтуруп, / Ташкендин үстү улуу тоо, / Самаркандын чеги ошо, / Салган бойдон барайын, / Дүрбү салып карайын, / Айактан кабар алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →