чек2
- Белгилүү сумманы алуу же башка жакка которуу үчүн банкка көрсөтүлүүчү (берилүүчү) документ.
- Товардын төлөө баасы жазылып, кассага көрсөтүлүүчү квитанция жана магазиндин кассасы сатып алуучудан акча алгандыгын белгилеп берилген кагаз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортосунда чек болду, / Туруп бериш чыдашып, / Найза менен сайышыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки көзүн чекпесем, / Суу ордуна ичпесем, / Сакта болбой өлөйүн, / Сабыңды бузбай жөнөгүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчал деми сууду эле, / Кайыпчалдын катыны, / Төрөбөй жүрүп нечен жыл, / Жана бирди тууду эле, / Атын койгон Көкмончок, / Чектен ашкан сулуу эле, / Баштагы болгон иштерди, / Кайып жандан укту эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Буркуратып олтуруп, / Ташкендин үстү улуу тоо, / Самаркандын чеги ошо, / Салган бойдон барайын, / Дүрбү салып карайын, / Айактан кабар алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →