чара2

китептерде 76 жолу, 9 китепте чара 1 →
  1. Кандайдыр бир нерсени иш жүзүнө ашыруу максатында жүргүзүлгөн аракет.
  2. Жаза.
  3. Амал, айла, арга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жок жеринен чатак таап, / Чуу салбагын айылга, / Арадай жерге чарадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Көтөрдүк теңир салганын, / Акыры ушул жалгандын, / Калдайып бирге келе албай, / Ушул менин арманым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ырайдан жанса арам ит, / Көзүңөр көрүп турарсың, / Жанбай койсо ырайдан, / Бир чарасын кыларсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арамдык менен астыртан, / Айла, амал, чара издеп, / Кайда болсо жамандык, / Калтырбастан кана издеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көнбөскө чара жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →