чара1
- Тамак-аш салуу же куюу үчүн колдонулуучу ар кандай металлдардан жасалган, ооз жагы жайык келген тегерек чуңкур идиш.
- Казанактын (мүрзөдө) ооз жагындагы чуңкур.
- аңч. Капкандын бардык тетиктерин бириктирип турган эң астыңкы тегереги.
- Комуз менен кыл кыяктын арткы тегерек оюгу.
- диал. Ээрдин көчүк жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жок жеринен чатак таап, / Чуу салбагын айылга, / Арадай жерге чарадай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Көтөрдүк теңир салганын, / Акыры ушул жалгандын, / Калдайып бирге келе албай, / Ушул менин арманым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырайдан жанса арам ит, / Көзүңөр көрүп турарсың, / Жанбай койсо ырайдан, / Бир чарасын кыларсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арамдык менен астыртан, / Айла, амал, чара издеп, / Кайда болсо жамандык, / Калтырбастан кана издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көнбөскө чара жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →