чап3

китептерде 1007 жолу, 10 китепте чап 1 →чап 2 →чап 4 →
  1. Ичтин төмөн жагы менен сандын кошулушкан жериндеги жука, такыр жери (көбүнчө малга карата).
  2. Чөп чыкпай турган же чыкса да сейрек чыга турган тоонун боору, жантайма бет.
  3. диал. Жаңыдан гана көрпөсү чыгып келе жаткан козунун териси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каптап келген отузду, / Имерип тийди Кененим, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутунайдын Камбылкер, / Аталуу күлүк мал эле, / Кыргыздар атты чапканда, / Бештен төмөн түшпөгөн, / Ортосунда бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →