чабак1

китептерде 11 жолу, 6 китепте чабак 2 →
  1. Майда балык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сөөмөйдөй болгон ак чабак, / Чыга калды жалт этип, / Аркасынан бир кылыч, / Кошо чыкты жарк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Намысы бирге кыргыз, деп, / Дардаңдап Багыш калыптыр, / Байгени баштап этекке, / Ортолукка салыптыр, / Элдер бөлүп алыптыр, / Шыгайдын уулу чыр Чабак, / Чыр чыгарып калыптыр, / Жакшыларга жамгырдай, / Жаман сөзүн салыптыр: / — Атаңдын көрү жедигер, / Атың чыкса ээ болбой, / Абыдан бокту жедиңер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошончону бул жерге, / Өзүн бурбай жеткирген, / Жолго түшсө билинбей, / Була болуп буралган, / Сууга кирсе ак чабак- / Балык болуп кубулган, / Аккуу болуп асманда, / Учуп жүрсө Айчүрөк, / Атагы элге угулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Хандын кызы Калыйман, / Чабактын кызы Аккойон, / Эки сулуу тең өлүп, / Эчак эле жоголгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал сарайлардын ичинде май көл менен сүт көл болсун, ошол көлдөрдө алтын-күмүш чабактар секирип ойноп турсун. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →