чабак2
- Арабанын дөңгөлөгүнүн күпчөгү менен алкагын бириктирип туруучу таякчалар.
- Устундардын үстүнөн салынуучу туура жыгач.
- Жүн сабоо үчүн колдонулуучу сабоодон ичкерээк таякча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сөөмөйдөй болгон ак чабак, / Чыга калды жалт этип, / Аркасынан бир кылыч, / Кошо чыкты жарк этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Намысы бирге кыргыз, деп, / Дардаңдап Багыш калыптыр, / Байгени баштап этекке, / Ортолукка салыптыр, / Элдер бөлүп алыптыр, / Шыгайдын уулу чыр Чабак, / Чыр чыгарып калыптыр, / Жакшыларга жамгырдай, / Жаман сөзүн салыптыр: / — Атаңдын көрү жедигер, / Атың чыкса ээ болбой, / Абыдан бокту жедиңер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошончону бул жерге, / Өзүн бурбай жеткирген, / Жолго түшсө билинбей, / Була болуп буралган, / Сууга кирсе ак чабак- / Балык болуп кубулган, / Аккуу болуп асманда, / Учуп жүрсө Айчүрөк, / Атагы элге угулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Хандын кызы Калыйман, / Чабактын кызы Аккойон, / Эки сулуу тең өлүп, / Эчак эле жоголгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал сарайлардын ичинде май көл менен сүт көл болсун, ошол көлдөрдө алтын-күмүш чабактар секирип ойноп турсун.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →