укурук2

китептерде 18 жолу, 6 китепте укурук 1 →
  1. диал. Куш, бүркүттүн экинчи жоон саласы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Укурук боолук алышып, / Өлчөп минчүү аттарын, / Кармап келе калышып, / Кетичүдөй эми эле, / Чигитей менен чабышып, / Алжан-алчын – эки урук, / Тайарланып калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Суурултуп минип улоодон, / Суу укурук колго алып, / Сүрөт эле мени, деп, / Куйругуң салып сыртыңа, / Кутуруп ойно эми, деп, / Жылкыга айткан дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коркконунан бай Жакып, / Суукуйрук деген улоого, / Суу укурук салдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Машы чыккан түгөнгүр, / Укуруктай найзаны, / Ондоп карман алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…ун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап алгандай, / Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жатыр, деп, / Шилекейи чубуруп, / Ач көз маңгыт элин көр, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →