укурук1
- Учуна илмек кыл аркан тагылып, жылкыны кармоого ылайыкталган узун таяк.
- Кар жиликтин бооруна жабышкан укурукка окшош ичке сөөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Укурук боолук алышып, / Өлчөп минчүү аттарын, / Кармап келе калышып, / Кетичүдөй эми эле, / Чигитей менен чабышып, / Алжан-алчын – эки урук, / Тайарланып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Суурултуп минип улоодон, / Суу укурук колго алып, / Сүрөт эле мени, деп, / Куйругуң салып сыртыңа, / Кутуруп ойно эми, деп, / Жылкыга айткан дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коркконунан бай Жакып, / Суукуйрук деген улоого, / Суу укурук салдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Машы чыккан түгөнгүр, / Укуруктай найзаны, / Ондоп карман алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап алгандай, / Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жатыр, деп, / Шилекейи чубуруп, / Ач көз маңгыт элин көр, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →