түштүк2
- Жер шарынын төрт тарабынын бир жагы, түндүк тараптын карама-каршы жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алдында түштүк тараптан, / Калганда чыгыш жагынан, / Андан кийин батыштан, / Таласка келчүү алтымыш, / Айры жолду чалайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кангайын айап калмакчы, / Чыгыш менен түштүктү, / Түртүп мурда салмакчы, / Коңурдун мындай айтканы / Ишенгени Оронгу, / Эсен хандын оң колу, / Коңурбайга суратып, / Жерди бөлгөн мына ушу, / Алмамбетти таары…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Как ушундан бир бала, / Сартбай атын койуптур, / Чоңойуп бойго толуптур, / Атасынан артылып, / Батыш менен түштүктү, / Баарын бирдей соруптур, / Баш көтөртпөй койуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →