түштүк1

китептерде 103 жолу, 9 китепте түштүк 2 →
  1. Түштө, түшкүсүн. Бир күндүн жарымы, жартысы.
  2. Түшкү тамак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алаш уулу болгондун, / Он төрт ханы чогулду, / Чыгыштагы беш урук, / Мен батыштан кошулуп, / Түштүктөн испан, оогандык, / Сегиз хан эли чогулдук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алдында түштүк тараптан, / Калганда чыгыш жагынан, / Андан кийин батыштан, / Таласка келчүү алтымыш, / Айры жолду чалайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кангайын айап калмакчы, / Чыгыш менен түштүктү, / Түртүп мурда салмакчы, / Коңурдун мындай айтканы / Ишенгени Оронгу, / Эсен хандын оң колу, / Коңурбайга суратып, / Жерди бөлгөн мына ушу, / Алмамбетти таары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Как ушундан бир бала, / Сартбай атын койуптур, / Чоңойуп бойго толуптур, / Атасынан артылып, / Батыш менен түштүктү, / Баарын бирдей соруптур, / Баш көтөртпөй койуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →