түп1

китептерде 635 жолу, 10 китепте түп 2 →түп 3 →
  1. Кандайдыр бир тереңдик абалындагы нерсенин төмөн жагы, асты жагы, төмөнкү бөлүгү.
  2. Бир нерселердин жерге тийип туруучу астыңкы бөлүгү, асты жагы.
  3. Тамак жегенде калган же атайын калтырылган тамактын калдыгы, кешик.
  4. Өсүмдүктүн жерге батып турган тамыры, бөлүгү.
  5. Өсүмдүктүн, жыгачтардын, бадалдын өсүп турган айрым даанасы, өзүнчө бир тобу.
  6. Бактын, үйдүн ж.б. жакын айланасы, жаны, тегереги.
  7. Акыры, эң аягы.
  8. Тек, ата-баба, түпкү теги, тукуму.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чаңбейсенди аралап, / Жашырынып түбүндө, / Калган бурут турбабы, / Уйалгансып жөн койсоң, / Коңшусунан кол алат / Анан сага кол сунат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →