тээк1
- Чыктага өткөрүп, илиштирип коюу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей туура жыгач, таякча.
- Тепке.
- Эшикти бекитүү үчүн колдонулуучу илгич, көзөнөккө өткөрүп бекитип коюучу бөлүгү.
- өт. Тирек, таяныч, жөлөк, караан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тээктүү жерин найзанын, / Манжу Бодоң колунда, / Учунан кармап Бекбача, / Күч келтире тартканы, / Тээги чыкпай колунан, / Тоодой болгон чоң Бодоң, / Томолонуп жатканы, / Аңгычакты торчулар, / Далай торду таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…аламга алик албастан, / Кылчайып көзүн салбастан, / Ат айабай жол жүрүп, / Жол жүргөндө мол жүрүп, / Күүгүм кире күн бата, / Кең Кочкордун жээкке, / Акмазардын тээкке, / Кырк чоро өлчүү жерине, / Салдырып атын келдиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоңколот деген бар эле, / Жаздырып качса кулжанын, / Кетер жолу ал эле, / Тетир жылга дээр эле, / Тээктүү жолдун бири эле, / Чоңколотко Манасты, / Тетир жылга дегенге, / Абакемди таштады, / Баарысына кайтадан, / Алмамбет сөзүн баштады: / — Аркар-кулжа санаксыз, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тээк кылып баланы, / Эки кемпир тырышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Босогонун баштары, / Сомдогон алтын тээктүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →