тээк2

китептерде 6 жолу, 3 китепте тээк 1 →
  1. аңч. Капкан салганда серпүүрдү тээктелген абалда кармап туруу үчүн жыгачтан жасалган капкандын тетиги.
  2. аңч. Куштун, бүркүттүн бутуна тагылуучу чолок боо менен узун боону бириктирүүчү ай сымак жыгач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тээктүү жерин найзанын, / Манжу Бодоң колунда, / Учунан кармап Бекбача, / Күч келтире тартканы, / Тээги чыкпай колунан, / Тоодой болгон чоң Бодоң, / Томолонуп жатканы, / Аңгычакты торчулар, / Далай торду таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…аламга алик албастан, / Кылчайып көзүн салбастан, / Ат айабай жол жүрүп, / Жол жүргөндө мол жүрүп, / Күүгүм кире күн бата, / Кең Кочкордун жээкке, / Акмазардын тээкке, / Кырк чоро өлчүү жерине, / Салдырып атын келдиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чоңколот деген бар эле, / Жаздырып качса кулжанын, / Кетер жолу ал эле, / Тетир жылга дээр эле, / Тээктүү жолдун бири эле, / Чоңколотко Манасты, / Тетир жылга дегенге, / Абакемди таштады, / Баарысына кайтадан, / Алмамбет сөзүн баштады: / — Аркар-кулжа санаксыз, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тээк кылып баланы, / Эки кемпир тырышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Босогонун баштары, / Сомдогон алтын тээктүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →