тын2

китептерде 271 жолу, 10 китепте тын 1 →тын 3 →
  1. Дем алып, дем чыгаруу.
  2. Тынчуу, тынч алуу, жайлануу, эс алуу.
  3. Басылуу, бүтүү, жоктоо.
  4. Жай алуу. Сеп алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чарчаганда дем албай, / Чай кайнамга тынч албай, / Дем өткөрүп бир тынбай, / Талана айтат талабын, / Кененимге туралбай: / — Элким келген, Кененим, / Эдегенде мен сенин, / Эр экениң билбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Учу заар, үч жүз ок, / Дайарлатып көөнү ток, / Мен Манаска барам, деп, / Бир адамга тынган жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кымызына суу куйуп, / Унуткус бир иш кылып, / Уугун учтап шиш кылып, / Унун күлдөй сапырып, / Сыймыгын баштан качырып, / Ушундай кылып тынбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →