тын1
- Алган же чыгарган дем.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чарчаганда дем албай, / Чай кайнамга тынч албай, / Дем өткөрүп бир тынбай, / Талана айтат талабын, / Кененимге туралбай: / — Элким келген, Кененим, / Эдегенде мен сенин, / Эр экениң билбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Учу заар, үч жүз ок, / Дайарлатып көөнү ток, / Мен Манаска барам, деп, / Бир адамга тынган жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кымызына суу куйуп, / Унуткус бир иш кылып, / Уугун учтап шиш кылып, / Унун күлдөй сапырып, / Сыймыгын баштан качырып, / Ушундай кылып тынбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →