туу2

китептерде 566 жолу, 10 китепте туу 1 →
  1. Төрөө, төлдөө, төл берүү, тукумдоо, жумуртка берүү.
  2. Жаңыруу (ай жөнүндө).
  3. Пайыз өсүү, пайда, үстөк кошуу.
  4. Туулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сан кыргыздын ичинен, / Баатыр чыгып ылганып, / Туусун тигип жатканда, / Мелжиген кыйын мергенин, / Белдүү кыйын эренин, / Экөөнү катар бир атып, / Жер жаздантып сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →