туу1
- Аскер бөлүгүнүн, бирикмесинин, мамлекеттин, кандайдыр бир уюмдун ж.б. эмблемасы катарында эсептелүүчү, белгилүү бир же бир нече түстүү, бетинде жазуусу, кооздуктары ж.б. бар, жыгачка бекитилген кездеме.
- өт. Кандайдыр бир топтун, уюмдун ж.б. бирдиктүү аракетинин негизи болгон жетекчинин идеясы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү дүйнөнү, / Кезип жүрөт” – деп салат; / Абалкылар кеп салат: / “Айдай жеңең Айчүрөк, / Ак куу болуп асманда, / Учуп жүрөт” – деп салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олжого кеткен Чүрөгүм, / Бойунда бала барлыгын, / Ошондо билип жүргөмүн, / Эркек тууса болду деп, / Жылдарды санап күйгөмүн, / Үмүтүм болуп Чүрөктөн, / Ан үчүн өлбөй жүргөмүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сан кыргыздын ичинен, / Баатыр чыгып ылганып, / Туусун тигип жатканда, / Мелжиген кыйын мергенин, / Белдүү кыйын эренин, / Экөөнү катар бир атып, / Жер жаздантып сулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →