тур2
- Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу, отуруп же жатып албай өйдө болуу.
- Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо.
- Өлбөй-житпей жашап калуу, аман-эсен болуу.
- Бар болуу, болуу.
- Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу.
- Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу.
- Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу.
- Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат.
- Кандайдыр бир курамдагы түзүлүштү, анын курамын билдирүү үчүн колдонулат.
- -ганы, -ган формалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж.б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат.
- -мак, -сун, -гай формаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет.
- Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат.
- Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат.
- Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж.б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачыласың бузулуп, / Ынтымактуу турбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →