топ3

китептерде 591 жолу, 10 китепте топ 1 →топ 2 →топ 4 →топ 5 →
  1. Адамдардын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн жана башка ар түрдүү нерселердин бири-бирине жакын же чогуу турган жыйындысы, тайпасы.
  2. Такталап түрүлгөн кездеменин түрмөгү.
  3. тар. Жыйын, чогулуш, кеңешме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки чапсам уйат деп, / Дабытай карап турат, деп, / Оң жагына кылт этип, / Оңтойуна келтирип, / Жойкума менен он бешин, / Тобун бузбай жалмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пил жетпеген бир топко, / Пилден күчүм кем эмес, / Мен Чынаача өзүм бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →