топ2
- Бозону сүзүп алгандан кийинки калган шак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки чапсам уйат деп, / Дабытай карап турат, деп, / Оң жагына кылт этип, / Оңтойуна келтирип, / Жойкума менен он бешин, / Тобун бузбай жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Пил жетпеген бир топко, / Пилден күчүм кем эмес, / Мен Чынаача өзүм бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →