тил1

китептерде 743 жолу, 10 китепте тил 2 →
  1. Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган.
  2. Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк.
  3. Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы.
  4. Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж.б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, кеби.
  5. сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун.
  6. Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз.
  7. Ургулаганда, тартканда же какканда дабыш, үн чыгаруучу коңгуроонун, темир комуздун ж.б. ортосундагы аракетке келип туруучу металлдан жасалган бөлүгү, тилке сыяктанып чыгып турган тетиги.
  8. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө кабарлаган билдирүү, жаңылык же башка нерселер жөнүндө алдын ала айтылган, маалымдалган кабар.
  9. Кимдир бирөөнүн акылын ой-пикирин билдирген сөз, бирөө тарабынан айтылган акыл ой, кеңеш.
  10. эск. Кандайдыр бир буюмга, мекемеге ж.б. таандык болуп, анын көз карашын, ишмердүүлүгүн баяндап, чагылдырып туруучу басма сөз органы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →