тең1
- Бирдей; барабар.
- Бир бүтүндүн жартысы, жарымы.
- Курдаш; жашташ.
- Күйөөколуктунун бири.
- Баары, бүт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол талашпа, баатырлар, / Силерден мурун алдыда, / Менин барар жолум бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…уптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →