тең2

китептерде 711 жолу, 10 китепте тең 1 →
  1. Бирөөгө таандык экендигин же кандайдыр бир нерсеге карата тиешеси бар экендигин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол талашпа, баатырлар, / Силерден мурун алдыда, / Менин барар жолум бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…уптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →