тапта2

китептерде 45 жолу, 10 китепте тапта 1 →
  1. Табына келтирүү, жаратуу (алгыр куш, бүркүт же күлүктөргө карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ноңпа деген жер келди, / Түгөл кыргыз эл келди, / Таптакыр чаап жөнөдүк, / Түп көтөрө бул элди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыздын эли сак калды, / Коросон менен испандын, / Көбү шорго тапталды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колу-буттан айрылып, / Көкүрөктө жан калып, / Ат тепсеп жерге тапталып, / Антип жаткан андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү болсо тамагын таптап ичип, ысык үйдө ырахаттанып отурганды гана билет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →