тапта1

китептерде 45 жолу, 10 китепте тапта 2 →
  1. Ныгыруу, тегиздөө, тапталтуу үчүн би р нерсенин үстүнөн тебелөө, салмактуу нерсе (мис. моло таш) менен бастыруу.
  2. Жуулган кирлерди бүктөп, бырыштарын алакан менен басып тегиздөө.
  3. Кетмен, соконун тиши, чалгы ж.б. куралдардын мизин жукарта чаап курчутуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ноңпа деген жер келди, / Түгөл кыргыз эл келди, / Таптакыр чаап жөнөдүк, / Түп көтөрө бул элди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыздын эли сак калды, / Коросон менен испандын, / Көбү шорго тапталды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колу-буттан айрылып, / Көкүрөктө жан калып, / Ат тепсеп жерге тапталып, / Антип жаткан андан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өзү болсо тамагын таптап ичип, ысык үйдө ырахаттанып отурганды гана билет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →