тан

китептерде 82 жолу, 9 китепте тан (2) →
  1. Моюнга албоо, карама-каршы жыйынтык чыгаруу, тескерисинче айтуу.
  2. Жадоо, көңүлү калуу, жүрөккө тийүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бузулбастык убадаң, / Айтып кеткин Дабытай, / Бекер жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийсе кош болгон, / Кишинин баары сен эмес, / Ушул кылган жумушуң, / Адам кылар иш эмес, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катындын тилин албадың, / Кайрылып кайра жанбадың, / Эми энеңдин сөзүн танбагын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →