тан
- Баа берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бузулбастык убадаң, / Айтып кеткин Дабытай, / Бекер жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийсе кош болгон, / Кишинин баары сен эмес, / Ушул кылган жумушуң, / Адам кылар иш эмес, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / — Арстаным Көкчө, анда, — деп, / Айтканыңан танба, — деп, / Көк күбөң берчи кийейин, / Көгалаң берчи минейин, / Баркымды айтпай мактанып, / Башымды катпай сактанып, / Басташып жүргөн душманга, / Барып мен бир келейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындын тилин албадың, / Кайрылып кайра жанбадың, / Эми энеңдин сөзүн танбагын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →