сыз1
- Ным, нымдуулук, нымдуу, муздак жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…болуп, / Жыгачтын баары жыйылып, / Бутактарын ок кыркып, / Аңгычакты болбоду, / Коросон менен испандын, / Аркасынан чуу чыгып, / Кутургурдун Саламат, / Жебедей сызып келатат, / Бар кыргыздан озуптур, / Коросон менен испандын, / Колун чайкап бозуптур, / Жалгызектин Бактыбай, / Топчу кулак тору атты, / Сыздырып баатыр келатты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балаңдын аты Сейитек, / Кызыр койгон атты, — деп, / Он экиге чыкканда, / Таласты кайта тапты, деп, / Чачылып кеткен кыргызды, / Чогултуп кайра бакты, — деп, / Көзүң тийип кетээр, — деп, / Эр Гүлчоро моминтип, / Кучактап уулун алганда, / Көзүнө жоолук басты эле, / Эзилип бойу абаңдын, / Сызып тери акты эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Сырнайзасын колго алып, / Сызып келет, Сары хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →