сыз4

китептерде 110 жолу, 10 китепте сыз 1 →сыз 2 →сыз 3 →
  1. Жылжып чыгуу, сарыгып агуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…болуп, / Жыгачтын баары жыйылып, / Бутактарын ок кыркып, / Аңгычакты болбоду, / Коросон менен испандын, / Аркасынан чуу чыгып, / Кутургурдун Саламат, / Жебедей сызып келатат, / Бар кыргыздан озуптур, / Коросон менен испандын, / Колун чайкап бозуптур, / Жалгызектин Бактыбай, / Топчу кулак тору атты, / Сыздырып баатыр келатты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балаңдын аты Сейитек, / Кызыр койгон атты, — деп, / Он экиге чыкканда, / Таласты кайта тапты, деп, / Чачылып кеткен кыргызды, / Чогултуп кайра бакты, — деп, / Көзүң тийип кетээр, — деп, / Эр Гүлчоро моминтип, / Кучактап уулун алганда, / Көзүнө жоолук басты эле, / Эзилип бойу абаңдын, / Сызып тери акты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Сырнайзасын колго алып, / Сызып келет, Сары хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →