сал1
- Кирген чоң суу агызган жыгач, дөңгөч, топтошуп калган жыгачтардын бутактары, тамырлары ж.б.
- Чоң сууга салып атайылап агызган (белгилүү жерге оңой жеткирүү максатында) кесилген карагай.
- Чоң суудан өтүү үчүн карагай, тал ж.б. жыгачтардан атайылап жасалган калкыма.
- Чоң калың, кеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →