сал2
- Бир нерсенин ичине же бетине жайлаштыруу, коюу.
- Жаюу, төшөө (кийиз, төшөк ж.б. жөнүндө).
- Куруу, жасоо.
- Малга тоют берүү.
- Бир нерсени катыштыруу, кошуу.
- Казанга түшүрүү, бышыруу (эт жөнүндө).
- Жүктөө, үстүнө коюу.
- Киргизүү, матыруу.
- Дуушар кылуу.
- Сүйлөө, бир нерсе айтуу, ырдоо.
- Коюп жиберүү, чаап жиберүү, тартып жиберүү.
- Бир жакка бет алып жүрүү.
- Белгилүү бир өзгөчөлүгүнө, артыкчылыгына таянуу, ошондон пайдалануу.
- Почта аркылуу жөнөтүү, жиберүү.
- Алгыр куштар менен аңчылык кылуу.
- Кийүү, жамынуу (кийим-кечени), башына байлоо (жоолукту).
- Туур маалына жете электе бала таштап коюу.
- Саала турган малды ийитиш үчүн жаш төлүн (кулунду, музоону ж.б.) бир аз эмизүү.
- Катуу, кийгизүү (ноктону, жүгөндү); илинтүү (укурукка, чалмага); илүү, өткөрүү (сөйкөнү, шакекти, билерикти).
- Малдын эркек төлүн (кочкор, айгыр ж.б.) ургаачыларына кошуу үчүн ыйгарып калтырып коюу.
- Жалпы кароого коюу.
- Мөмө алуу, мөмө байлоо.
- Кандайдыр бир ишке чегүү, буюруу, ишке пайдалануу.
- Баштоо, чыгаруу (чыр, чатак, чуу ж.б. карата).
- Кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруу, орундатуу үчүн бирөөгө карата кадырын, көңүлүн пайдалануу, колдонуу.
- Көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кытайдан чыгып таарынып, / Аралаган алашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →