ой3

китептерде 1351 жолу, 10 китепте ой 1 →ой 2 →ой 4 →
  1. Казуу, чуңкурайтуу. [Ашыр] Мустафа менен бирге көмүрдүн катуу катмарын оюп иштеп жатышты (Сасыкбаев).
  2. Тешүү, чукуп салуу.
  3. Металлдын, жыгачтын ж.б. бетине из түшүрүп сүрөт, түр салуу, оймонун үлгүсү, формасы боюнча кесүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп эр Сыргак, / Ойуна алып өлөрдү, / Алдына тосо жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзүнүн досторун чакырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →