ой2
- Чуңкурураак жер, айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, ойдуң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп эр Сыргак, / Ойуна алып өлөрдү, / Алдына тосо жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзүнүн досторун чакырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →