нуска2
- Жаңсоо, жаңсап шилтөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чоң атамдын барында, / Асыл агам жанында, / Кызмат кылдың аларга, / Нуска алгандыр андан деп, / Журт тапшырдым мен сага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атамдан калган нуска, деп, / Сага кирет тебээлеп, / А күнү кебиң болбосун, / Бизге айтар жемелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муң кылалы чалдарын, / Кулданалы уланын, / Күң кылалы жубанын, / Олжолойлу кыздарын, / Жер бетинен түгөтүп, / Кыргыздын нарк нускасын, / Деп айтканда Дабытай, / Саламат айтат мамындай: / — Андай болсо, хандарым, / Акыл десең калганын, / Эки күнү туралы, / Кененим келип калабы, / Келип калса Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Коңурбай туруп кенгиреп, / Эл ичинде зенгиреп, / Кол менен нускап көрсөттү: / — Манас - ак сур ат минген, / Ак жибектен тон кийген, / Сендей нечен дөөлөрдү, / Кагып жерге киргизген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байыркынын нускасы, / Кандай сонун балбан кеп, / Чакырган жок башканы, / Калгандарда жок окшойт, / Өгөй татоо болгон кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →