нуска1

китептерде 31 жолу, 9 китепте нуска 2 →
  1. Үлгү, таалим, өрнөк.
  2. Акыл-насият.
  3. Даана, экземпляр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чоң атамдын барында, / Асыл агам жанында, / Кызмат кылдың аларга, / Нуска алгандыр андан деп, / Журт тапшырдым мен сага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атамдан калган нуска, деп, / Сага кирет тебээлеп, / А күнү кебиң болбосун, / Бизге айтар жемелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муң кылалы чалдарын, / Кулданалы уланын, / Күң кылалы жубанын, / Олжолойлу кыздарын, / Жер бетинен түгөтүп, / Кыргыздын нарк нускасын, / Деп айтканда Дабытай, / Саламат айтат мамындай: / — Андай болсо, хандарым, / Акыл десең калганын, / Эки күнү туралы, / Кененим келип калабы, / Келип калса Б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурбай туруп кенгиреп, / Эл ичинде зенгиреп, / Кол менен нускап көрсөттү: / — Манас - ак сур ат минген, / Ак жибектен тон кийген, / Сендей нечен дөөлөрдү, / Кагып жерге киргизген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байыркынын нускасы, / Кандай сонун балбан кеп, / Чакырган жок башканы, / Калгандарда жок окшойт, / Өгөй татоо болгон кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →