мөл2
- Ным, кургак эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлөктү койдум, не пайда, / Мөлмүрөп көзү жайнаган, / Сулуу Торгой кыз калды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Камчы келип тийерде, / Айбандан артык Кеңкула, / Ордун сала берди эле, / Азыраак ыкыс желди эле, / Кененимдин жанында, / Кара каңшар турган таш, / Камчынын учу тийгенде, / Коргошундай мөлт этип, / Жайнап түшүп жок болду, / Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, / Уйуган аппак шор болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жети жолборс жүрөгүн, / Бышырып майда тууратып, / Жети жылдык туу койдун, / Мөл майына чылатып, / Өткөрө куйуп туз салып, / Дагы кара мурч салып, / Бир колуна кошо алып, / Кылжыкенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жибер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →