мөл1

китептерде 3 жолу, 3 китепте мөл 2 →
  1. Тунук, кирсиз; жаркыраган көк кашка.
  2. өт. Куулукшумдугу, арамдыгы жок, ниети калыс.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлөктү койдум, не пайда, / Мөлмүрөп көзү жайнаган, / Сулуу Торгой кыз калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Камчы келип тийерде, / Айбандан артык Кеңкула, / Ордун сала берди эле, / Азыраак ыкыс желди эле, / Кененимдин жанында, / Кара каңшар турган таш, / Камчынын учу тийгенде, / Коргошундай мөлт этип, / Жайнап түшүп жок болду, / Мөлтүрөп туруп көйкөлүп, / Уйуган аппак шор болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жети жолборс жүрөгүн, / Бышырып майда тууратып, / Жети жылдык туу койдун, / Мөл майына чылатып, / Өткөрө куйуп туз салып, / Дагы кара мурч салып, / Бир колуна кошо алып, / Кылжыкенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жибер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →