маш1
- Бирдей өңдүү карталардын чоңу менен кичинесин басууга туура келген карта оюнундагы мүмкүнчүлүк, шарт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карагер минген бирөө бар, / Алп мүчөсү анда бар, / Бир жаш бала жана бар, / Жоо сайышка маш эмес, / Далай иште чала бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чекчейип Тапак ченебей, / Найзасына тырмышып, / Өлөөр жагын элебей, / Шайманы кеткен болучу, / Кайраты калбай кенедей, / Кабыландын кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Отуз эки ат маштын, / Баарын билет, өнөр көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →