маш2

китептерде 76 жолу, 8 китепте маш 1 →
  1. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө көнүгүп калган, машыккан; кыймыл-аракети тез, эптүү, эпчил.
  2. Белгилүү, дайын, шамдагай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карагер минген бирөө бар, / Алп мүчөсү анда бар, / Бир жаш бала жана бар, / Жоо сайышка маш эмес, / Далай иште чала бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чекчейип Тапак ченебей, / Найзасына тырмышып, / Өлөөр жагын элебей, / Шайманы кеткен болучу, / Кайраты калбай кенедей, / Кабыландын кара көк, / Кайраты жаштан бир бөлөк, / Отуз эки ат маштын, / Баарын билет, өнөр көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →