көп1

китептерде 2236 жолу, 10 китепте көп 2 →көп 3 →
  1. Сын атоочтун көпкөк сыяктуу күчөтмө даражасын түзөт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айткандардан укканым: / Кийгени аппак буладан, / Мингени буурул жоргодон, / Салганы шумкар койкойгон, / Күйүт тарткан немедей, / Күлбөгөн мерез сомсойгон” / Бала баатыр Карадөө, / Атасынан көп уккан, / Жолу болсун Семетей, / Жолборс эле деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен ушунун жумушун көп кылдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →